КР УКМКнын маалыматына караганда, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жолу жаңжал чыккан. Ошол эле күнү саат 21.17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда жаңжал чыккан жерге кошумча күч катары келген коңшу мамлекеттин чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарышкан. Мындан улам ок атышуу башталып, ал жарым сааттай созулган. Андан Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алган. Муну менен токтоп калбаган тажик тарап Достук кыргыз айылын миномет менен аткылаган.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат.