Жаз келип, жер иштетүү башталды. Короо-жайына жашылчаларды айдагандар үчүн пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.

* Картошка отургузган жердин чеке белине наготка жана настурция гүлдөрүн эгип коюңуз. Алардын жыты жашылчага зыян келтирчү ар кандай курттарды алыс качырат. Ошондой эле, колорад коңузунан картошканы сактайт.

* Жалбыз, ийне жалбырактуу даракты карагат, малина жана бүлдүркөндүн жанына эксе, карагатты көпөлөктөрдөн, малина менен бүлдүркөндү курттардан коргойт.

* Ашкөктүн уругун биринчи жаңы саалган сүткө чылап коюп, акиташ майдаланып, топуракка аралаштырган жерге эксе, бир нече сааттын ичинде өсүп чыгат.

* Жер иштетүүгө керек болчу жабдыктарды бир нече саат азыраак туз кошулган сууга чылап коюп, андан соң аарчыбай туруп курчутса, абдан жакшы курчуйт.

* Помидорду сугарганда жердин 35 смден аз эмес  тереңдикте нымдап, жумасына 2 жолудан кем эмес сугаруу зарыл.

* Ал эми бадыраңдардын тамыры топурактын өйдөңкү бөлүгүнө жакын жайгашкандыктан тез кургайт. Ошондуктан, аны тез-тезден сугаруу керек. Бадыраң жөөктөрү сууга өтө муктаж болушат. Суу жетишпеген шартта өссө, ачуу даамданып калат. Сугаргандан кийин жерди жумшартып туруу зарыл. Чым, чиринди же кургак топурактан үстүнө чачып койсо, нымдуулукту да кармайт, тамырлардын күнгө күйүп кетишинен да сактайт.

* Короодо, ал турмак кээде үйдө да кумурска көбөйүп кетет, мындай учурда алардын жолуна сарымсак коюп коюу жетиштүү.

* Пияз – курттардын душманы. Капуста, бадыраң, бүлдүркөн жөөктөрүнө пиязды да отургузуп койсо, курттар көп жолой беришпейт.

* Быша баштаган жемиштерди чымчыктар чокуп кетишет эмеспи. Аларды качыруу үчүн бутактарга кесилген пиязды илип коюу керек. Кургап калгандан кийин алмаштырып туруу зарыл.

* Карагаттын түшүмүн чакалап алгыңыз келсе, бир нече процедураны жасоодон эринбеңиз. Биринчи, жазында кайнак сууну карагаттын жалбырактарына жамгыр сыяктуу кылып чачыңыз. Экинчи, карагаттын бутактарын карап көрөбүз, эгер бүчүрлөрү сүйрү болсо, калтырабыз, а эгер тегерек болчу болсо, алып таштайбыз, аларды кене жеп койгон болот. Тегерек бүчүрлөрдү чогултуп алгандан кийин өрттөп салуу керектелет.

* Жумуртканын кабыгын ыргытууга шашпаңыз, ал короодогу жана үйдөгү өсүмдүктөргө жер семирткич болуп берет. Ал үчүн алгач кабыкты колубуз менен майдалайбыз, андан соң блендерге салып ун сыяктуу кылып алабыз. Бир стакан кабыктын майдасын 3 литр сууга салып, отко коебуз да, 2-3 мүнөт кайнатабыз. Муздагандан кийин 5 литр сууну куюп, аралаштырып, гүлдөрдүн, клубниканын түбүнө куябыз.

* Укропту өстүрүүнүн эң оңой жолу – желим бөтөлкөнү алып, ага укроптун уругун салабыз дагы суу куюп, жылуу жерге жарым күнгө калтырабыз. Андан кийин капкагын тешип, жөөктөргө бөтөлкөдөн куюп эгебиз. Мындан кийин сугаруунун да кереги жок.

* Короодогу өсүмдүктөргө бекер жер семирткич – 200 литрлик бочкага 2 чака чалкан, 1 чака күл, 2 таңгак ачыткы, бир чака суу куюп, күн ысык болсо 5 күн, суук болсо 7 күн тыныктырабыз. Андан кийин бак-дарактардын, жашылчалардын, деги эле корооңузда кандай өсүмдүк болсо, баарынын түбүнө куюп чыгасыз.

* Помидор жөөгүнө үч литр сууга бир тамчы йод тамызып, аралаштырып себебиз. Бул ыкмадан кийин помидор тез гүлдөйт, а жемиштери чоң болот.

* 10 литр сууга бир литр сүт жана 15 тамчы йод кошобуз. Даяр болгон аралашманы помидорго сээп чыгабыз. Бул жашылчаны ар кандай курт-кумурскалардан сактайт.

* Капусталардын мыкты түшүмүн алгыңыз келсе, көчөттөргө туура кам көрө билиңиз. Капустаны ай толуп турган маалда отургузуу керек. Жөөктөргө 1 аш кашык майдаланган жумуртка кабыгын, 1 аш кашык күлдү, 1 чай кашык суперфосфатты жана 1 чай кашык горчица порошогунан даярдалган аралашмага марганцовка кошулган сууну (малинанын өңүндөй болушу керек) куюп, себебиз. Бул курттар пайда болуп, тамырга зыян келтиришинен сактайт. Жөөктөр аралашмадан кийин бир аз кургагандан соң урукту эгүүнү баштайбыз. Эгилгенден соң биринчи үч күндө күн сайын, андан кийин үч-төрт күндө бир жолу сугарып турабыз.

* Гүлдүү капустаны да ушул сыяктуу эгүү керек. Бир гана айырмасы – баштары тооктун жумурткасынын өлчөмүндөй түйүлө баштаганда, жалбырактарды бириктирип, абайлап скотч менен байлап коюу керек. Бул жашылчаны күн нурунан сактайт.

* Бадыраңдын кебетесинен эле ага эмне жетишпей жатканын билүүгө болот. Кыйшык жана капталы чыккан бадыраң сугаруу убагында жасалбаганын билдирет. Түп жагы учтуу, майда бадыраң азоттун жетишпей жатканын кабарлайт. Анда 1 аш кашык мочевинаны 10 литр сууга кошуп, бадыраңды таза суу менен суугарып алгандан кийин гана аралашмадан ар бир жөөккө 3 литрден куюп чыгабыз.

Бадыраң алмуруттун формасына окшошуп калса, демек, ага калий жетишпейт. Мындай учурда 1 аш кашык сернокычкыл  калийди бир чака сууга аралаштырып, сугарабыз.