Президент Садыр Жапаров аутизмдин белгилери бар үч эмдин энеси Жаңылкан Даирбековага Бишкектен батир берүүнү мэр Эмилбек Абдыкадыровго тапшырганы белгилүү болду.
Жаңылкан Даирбекова тууралуу жакында "Азаттык" видео жарыялаган. Ал алты баланын энеси, үч эм уулу аутизмдин белгилери менен жабыркайт. Андан тышкары эки кыз, бир уулу бар. Балдардын атасы үч эмдин оорусу аныкталгандан кийин үй-бүлөсүн таштап кеткен. Учурда жалгыз бой эне тигүү цехтеринин биринде күнүнө 3-4 саат иштеп балдарын чоңойтууда.
Даирбекова 11-апрелде Садыр Жапаров менен жолукканын, анда президент Бишкек шаарынын мэрине бул үй-бүлөгө батир берүүнү тапшырганын билдирди. Айтымында, президент жолугушуу учурунда Эмилбек Абдыкадыров менен телефон аркылуу байланышып, мэрияга караштуу эки бөлмө үй бар экенин билгенден кийин, ошол үйдү берүүнү тапшырган.
Аялуу балдардын энесине болгон президенттин камкордугунан кийин Саламаттык сактоо министрлиги “Алтын балалык” реабилитациялык борбору ачылса, июнь айынан баштап Даирбекованын балдарын дарылоо милдетин алганы айтылууда.