Кыргызстандын фармацевтикалык бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов "Спутник Кыргызстан" радиосуна берген маегинде өлкөдө жакынкы аралыкта дары-дармектерге болгон баа көтөрүлөөрүн билдирди. 

"Россиялык заводдордо баа орточо эсеп менен 40-50 пайызга жогорулады. Ошондуктан, россиялык дары-дармектерге болгон баа бизде да көтөрүлөт. Болгондо да 20 пайызга. Бул логистикага байланыштуу, анткени дары-дармектерди ташып жеткирүү оор. Эгер буга чейин Европадан дары-дармектерди ташып келүүгө кеткен чыгым 3-5 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө ал көбөйдү", - деди Асанов. 

Ошондой эле, ал аталган биримдик баасы да жеткиликтүү, сапаты да жакшы дары-дармектерди караштырып жатканын белгиледи.