Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, депутаттардын колдоосуна ээ болду. КТРКнын макамын "улуттукка" өзгөртүүгө жалпы 83 депутаттын 77си макул болсо, алтоо каршылыгын көрсөттү. Эскерте кетсек, аталган мыйзамды министрлер кабинети демилгелеп, анда КТРКны Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өзгөртүү, облустук телеканалдарды бириктирүү жана Байкоочу кеңешти жоюу сыяктуу өзгөртүүлөр каралган.

Булак: apta.kg