Кыргызстандын аймагындагы көмүрдүн болжолдуу запасы 2022-жылга карата 6,4 миллиарддан ашуун тоннаны түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди. 

Айтымында, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак көмүр кениндеги күрөң көмүрлөр 5,2 миллиард тонна болсо, Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринин таш көмүрлөрү  1,08 миллиард тонна.

"2021-жылы республика боюнча 3 миллион тоннага жакын көмүр казылып алынган жана анын ичинен 1 миллион тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар тарабынан бюджетке болгону 600 млн. сомдон ашык каражат түшкөн.

Ошондой эле, 2021 жана 2022 - жылдары  күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 650 миң тонна көмүр башка мамлекеттерден импорттолгон, анын басымдуу бөлүгү Казакстандан сатылып алынган. Импорттолгон бир тонна көмүрдүн баасы 4 миң сомдун тегерегин түзөт, демек болжол менен 2 миллиард 600 миллион сомго же 30 миллион 588 миң долларга көмүр импорттолгон.

Эгер Бишкек ЖЭБин көмүр менен өзүбүз камсыздасак, бул каражатка 2 чоң карьердик эксковатор жана 650 жаңы 25 тонналык Хово жүк ташуучу автоунаасын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк", - деди депутат.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө көмүр кендерине 394 лицензия берилип, анын ичинен 219 компания казуу иштери менен алектенүүдө. Эӊ өкүнүчтүүсү 219 лицензиянын ичинде 1 пайызы гана мамлекеттик ишканага таандык. Ал - "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр кени. Калган 99 пайыз лицензиялар жеке ишкерлердин колунда.

"Ошондон улам кыш мезгилинде бюджеттик мекемелерди, калкты көмүр менен камсыздоодо мамлекет жеке көмүр ишканаларга көз каранды болуп, аталган тармакта бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүлбөй жаткандыгын белгилегим келет.

Кен байлыктар бул саналуу адамдарга гана тиешелүү эмес, бул мамлекеттин-элдин байлыгы!

Ошондуктан, көмүр тармагына лицензия берүүдө сөзсүз мамлекеттик үлүш болушу зарыл жана азыркы учурда көмүр тармагында иштеп жаткан чоӊ компаниялардын да лицензиялык келишимдерин кайрадан карап чыгып, жок дегенде мамлекеттин 40-50 пайыздан кем эмес үлүшүн киргизүү керек", - деди Жеңишбек Токторбаев. 

Эске салсак, депутат буга чейин Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүнү сунуштаган.