Түркиянын Даламан жана Анталья шаарларынан «Ош» эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Авиакаттамдар «Пегасус» компаниясы тарабынан аткарылмакчы.

«Анталья-Ош-Анталья» багыты боюнча каттамы 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалууда.

«Даламан-Ош-Даламан» багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалып жатат.
Булак: Маралфм