Унга жасалма товардык белги коюп, кымбат баада сатууга умтулган атамекендик өндүрүүчүлөр кармалды. Алар унду коңшу мамлекеттерден алып келишкен жана баасын кымбаттатып сатып, капчыктарын кампайтуунун аргасын издешкен. Мындай кымбатчылыктын жарчыларындай болгон өңдүрүүчүлөрдүн ишин УКМК токтотту.

УКМК тараткан маалыматка караганда, негизи, өзүбүздө өндүрүлгөн же сырттан алынып келинген дандан (кошумча нарк салыгынан бошотулган) өндүрүлгөн ундун дүң баасы 50 килограммы 1500 сомду түзөт. Ал эми суроо-талап көп болгон импорттук ун 2100 сом турат.

2021-жылдын августунда унга рынок бааны турукташтыруу максатында, КР Министрлер Кабинети дандын импортуна жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ун өндүрүүсүндөгү кошумча нарк салыгына нөлдүк ставка кабыл алган. Жеңилдиктер 2022-жылдын 1-августуна чейин жарактуу.

Бирок жеңилдиктерди пайдаланып туруп да, ундун баасын жасалма көтөргөн ун өндүрүүчүлөр жана ири жеткирип берүүчүлөр бар болуп чыкты.

УКМКнын ыкчам иш аракетинин алкагында, Сокулук районундагы ун комбинатында "Эталон" жасалма маркасында ун өндүрүп жаткандар ачыкталды. Ун комбинаты Т.К.А. аттуу жаранга таандык. Ал эми ун чыгарууга колдонулган дан азыгы КНСтин нөлдүк ставкасы менен импорттолгон.

Комбинатты тинтүү учурунда 350 тоннага жакын таңгакталган ун табылды. Ар бири 50 кгны түзгөн 200дөн ашуун кап унга "Эталон" жасалма товардык белгиси коюлган. Андан тышкары дагы 7 миң бош кап табылган.