Кыргызстандык белгилүү визажист Байнур Куштарбеков Instagram баракчасына ооруканадагы, операцияга даярданып жаткан видеосун жарыялады.
Видеодо ал наркоз сайгандан кийин санап жатканын көрсөткөн.
(Видео) https://www.instagram.com/tv/Cbz6Uz9ondw/?utm_source=ig_web_copy_link
Kaktus.media Байнурга чалып, маектешти. Ал чын эле бир-эки күн мурун операция болгонун, көкүрөгүнө операция жасалганын айтты. Аны денеге пластикалык хирургия боюнча адис хирург Нуртилек Самарбеков жасаган.
"Төшүмө операция жасалды, азыр таңылган, үйгө чыгарышты. Мен жакшымын, үйдө жатам", - дейт Байнур.
Ал белгилегендей, бул көпчүлүк ойлогондой жынысты алмаштыруу эмес. Бирок, эгер ушундай ойлошсо ага каршы эмес экенин билдирди.
"Кененирээк кийин, өзүмдү жакшы сезип калганда айтып берем", - деп кошумчалады визажист.
Эске салсак, Байнур визажисттер Гохар Аветисяндын сынагына катышып, финалисттердин бири болгон соң атактуу болгон.
Булак: kaktus.kg