Быйылкы жылдын 27-февралында Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке кайталап шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-апрелдеги жыйынында көзөмөл-текшерүү тобу депутаттыкка талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозиттик эсебине түшкөн акча каражаттарынын суммасы, кайтарылууга тийиш болгон шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана калган каражаттар боюнча маалымат берди.

Өнөктүктүн жүрүшүндө БШКнын депозиттик эсебине 56 талапкерден түшкөн күрөөнүн суммасы 5 млн 600 миң сом болду. (56 талапкерден 100 000 сомдон).

Анын ичинен берилген арызга ылайык, талапкердин бирөөсү каттоодон четтетилген, төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартышкан.

Ошентип, шайлоо күрөөсү боюнча БШКнын депозиттик эсебине түшкөн 5 млн 600 миң сомдун ичинен талапкерлерге кайтарылып берилүүчү сумма 1 млн 500 миң сом.  (1 000 000 сом — добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 500 000 — шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тарткандар);

Республикалык бюджетке которула турган жалпы сумма 4,1 млн сом болду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын 5 пайызынан кем эмес добушун алган жана шайлоо фондунун өлчөмү, бардык булактары, чыгымдары жөнүндө финансылык отчет берген он талапкерге 1 000 000 сом өлчөмүндө күрөө кайтарылып берилет.

Алар: 

№27 Биринчи май шайлоо округу

Нурбек Тотонов — 18,43%,

Эльвира Сурабалдиева — 47,97%,

Нурбек Токтакунов — 5,55%.

№29 Свердлов шайлоо округу

Зуфар Хакимходжаев — 7,96%,

Шайлообек Атазов — 18,10%,

Элнура Алканова — 10,18%,

Аскар Алмаз уулу — 14,06%,

Ирина Карамушкина — 10,23%,

Абдурахманхаджи Муртазалиев — 19,52%,

Аида Салянова — 5,71%.

 

Булак: Маралфм