- Азыр Атамбаевди таза кишидей кылып жазып, жөн койсоң баатыр кылып көрсөтүүгө аракет кылып  жатышат. Чынында Атамбаев кылмышты ылгабай жасаган. Экономикалык кылмыштардан тышкары түрмөдөн качкандарды аттырган. Түрмөдөн качкан тогуз кишинин бирөө эле аман калган. Башкасын уруп, атып өлтүрүшкөн. Ал турсун Кытайдын чек арасынан өтүп келаткан 11 куралсыз уйгурду аттырып салган. Куралсыз адамды аттырып салган да кылмыш. Азыркы бийлик Атамбаевдин мына ушул катачылыктарын да айтып, жоопкерчиликке тартышы керек. 
Эмнегедир “Атамбаевди сотко футболкачан алып келиптир”- деп эле ызы-чуу түшүп жатышат. Керек болсо сотко аны футболка эмес, жылаңач алып келсе да жарашат. Ал кааласа келип, каалабаса көрүнгөн шылтоону айтып келбей койгудай сот аш же той эмес да. Камалдыңбы сотко келишиң керек. Кылмышты кылып жатканда ойлонбой жасады беле, эми жооп берсин. Жооп берерде оорукчан болуп чыга калбай.
Баса журналисттер да кылмышкер, мамлекетке чыккынчылык кылган адамды жазбай эле койсо жакшы болмок. Жазууга татыксыз адамдар өздөрү эле коомчулуктан чыгып калмак.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл