Сотто депутат Исхак Пирматов жөнүндө өкүм чыгарылды. Ага мамлекеттин эсебине 300 миң сом төгүп берүү милдеттендирилди.

Мурдагы депутат Исхак Пирамтов Кумтөр алтын кени боюнча  УКМКа тарабынан кармалып абакка киргизилген. Бирок ал тез эле тергөө менен кызматташууга кол коюп натыйжада  абактан бошотулган

Негизи Исхак Пирматов мындан мурда да соттолуп кете жаздаган. Ал Кочкор-Атадагы  «Кыргыз Нефте Газды» башкы директор болуп башкарып турганда  мамлекетке  285 миллион сом зыян келтирген деп башкы прокуратура тарабынан тергөө иши башталган. Бул окуя мындан 10 жыл мурун 2012-жылы март айында болуп өткөн. Ошол кезде башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңешке депутат Пирматовдун кол тийбестигин алып салуу жөнүндө кайрылган, бирок депутаттар коллегасын колдоп, баш прокурордун сунушун четке кагышкан. Эми туура 10 жылдан кийин депутат Пирматовдун төбөсүн кара булут каптады. Биз жогоруда айткандай ири суммадагы акча төлөө чечими чыкты. Бирок айрым бир узуун кулактардын айтымына караганда, Пирматов да дагы эле камалуу коркунучу бар дешет. Себеби бир топ мурда ал депутаттарды ошол кездеги Садыр Жапаровдун Кумтөрду улутташтуруу жөнүндөгү сунушуна каршы чыгууга үндөгөн дешет.

Ким билет? Кандай болгон күндө да чыныгы мыйзамдуулук баарынан жогору туруш керек.

Булак: Аrgument.kg