-  Абдрахман агай, Акылбек Жапаров казинолорду ачуу зарылдыгын айтыптыр. Ошондой эле “кумарканалар ачылса, Кыргызстандыктар ойнобойт” дептир. Кумарканаларды ачуу бюджетти толтуруу үчүн жасалган аргасыз кадам болуп жатабы?

 - Бул сунуш көптөн бери эле бир топ саясатчылар тарабынан айтылып, талкууланып келе жатат. Мындай мыйзамдын долбоору  бешинчи жана алтынчы чакырылыштын айрым  депутаттары тарабынан даярдалган. Эгер бул сунуш мыйзам катары киргизилсе, анда коомдук талкууга салып, биздин жарандардын катышуусуна тыюу салган нормалары так, даана жазылып, анын аткаруу механизмдери да иштелип чыгышы  керек. Мен жеке өзүм казино ачуу сунушун колдобойм.