Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн лицензиялык келишимдерди иликтеп чыгып, анын жыйынтыгында дээрлик бардыгында мамлекеттин үлүшү туура көрсөтүлбөй калганына ынанганын жарыялады. Ошондуктан, депутат Министрлер Кабинети бул жаатта мамлекеттин үлүшүн кайра башынан саясий эрк менен карап чыгуусу зарыл деп эсептейт. Айтымында, лицензиялар кайрадан каралып, мамлекеттин үлүшү так көрсөтүлсө, өлкө бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк жогорулайт.

“Талас облусундагы 105 тоннна запасы бар “Жерүй” кени болгону 100 млн долларга сатылып кеткен. 100 млн доллар 1,5 тонна алтындын баасын түзөт. Лондон биржасындагы бир унция алтындын баасы 2 миң доллар экенин эске алсак, “Жерүй” кенининдеги алтындын запасы 6,5 млрд долларды түзүп, өзүнүн наркынан 65 эсе арзан сатылган. Алтынды казуудан түшкөн акча жеке компаниянын чөнтөгүндө калып жатат. Мамлекеттин үлүшү таптакыр жок.

Ала-Бука районунда “КАЗ Минералз Бозымчак”, “Иштамберди”, “Иштамберди восточный” кендери, Чаткал районунда, “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат”, “Чаарат Тулкубаш”, “Кичи-Чаарат” “Эти Бакыр Терексай” кендери, Кемин районунда “Куранды жайлоо”, “Талдыбулак Левобережный” (Алтынкен) кени, Кадамжай районунда “Шамбесай” кендерин иштетип жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимде дагы мамлекеттин кызыкчылыгы такыр каралган эмес.

Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” компаниясында Кыргызстандын 25 % үлүшү, Кеминдеги “Алтынкен” компаниясында Кыргызстандын 40% үлүшү бар экендиги аныкталды. Бул жерде айтып койчу нерсе, жергиликтүү элдин койгон талаптары чоң ролду ойногон”, - деди Жеңишбек Токторбаев.