Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Бул маселе бүгүн, 30-мартта парламент жыйынында каралды.
Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жыйындагы жалпы 68 депутаттын баары макулдугун берди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети 29-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырган.