Анткени облустук милициянын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев чак түштө эле кафеде олтурган жеринен бычакталып, каза болду. Көп өтпөй, ошол эле күнү бул кылмышка анын жээни, мурда бир нече жолу соттолгон Н.С. аттуу жаран жана анын шериктери кармалды.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы Баткен облусунда туулган. Ал милицияда 2000-жылдардын башынан бери иштеп келген. Былтыр президент тарабынан Ардак грамота менен сыйланган болчу. ИИМдин расмий билдирүүсүнө ылайык, подполковник Мухамадиевдин көкүрөгүнөн жараат алып, каза болгондугу тууралуу маалымат милицияга 27-мартта саат 11:17лер чамасында келип түшкөн.

Белгисиз адамдар Мухамадиевдин сөөгү салынган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн алдына таштап кетишкен. Милициянын маалыматына караганда, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Н.С. аттуу жаран Мухамадиевди учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайганы аныкталды.

“Кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды”,- деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Бул окуя боюнча Кылмышжаза кодексинин “Адам өлтүрүү” (122-берене) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышкер Мухамадиев менен шаардагы кафелердин биринде жолугуп, экөөнүн ортосунда чыр чыккан жана ошол эле жерде подполковниктин көкүрөгүнө бычак сайылган. Эгер кылмышкерлер килейген облусттун милиция башчысынын орун басары, подполковникти күндүз эле эл көзүнчө бычактап өлтүрүп жатса, анда карапайым адамдар кантет?

Булак: “Майдан. kg” гезити