— Жалал-Абад облусунда быйыл бир район дотациядан чыгат. Ала-Букада элге сүт багытында мал алуу үчүн 10 пайыздык өлчөмдө насыя берилгени турат. Өнөр жай тармагында болсо, эки алтын ылгоочу фабрика ишке кирүүсү күтүлүп жатат. Бул экономикалык абалды жакшыртууга өбөлгө болот. Деги эле облуста быйыл кандай өзгөрүү болот? Эмне жумуштар жасалып жатат? Бул жаатта Turmush басылмасынын кабарчысы президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович менен маек курду.

- Абсаттар Токтогулович, сиз кызматке келгенден бери эмнелерди ишке ашыра алдыңыз?

- 2021-жыл биздин облус үчүн жакшы жылдардан болду. Себеби биз өнөр жай, экономика жана башка тармактардан пландык көрсөткүчтөрдөн чыга алдык. Ал эми өзүм 2020-жылы коронавирус күчөп турган мезгилде келдим. Негизги багытыбыз, аракеттерибиз коронавирус менен күрөшүүгө бурулду. Элибизге мүмкүн болушунча жакшы шарт түзүүгө кадам ташталды. Мен калкты жумуш менен камсыздоого, токтоп калган өндүрүштүк ишканаларды кайрадан жандануусуна шарт түзүү сыяктуу ниет, тилек менен келгем. Былтыр инвестиция тартуу боюнча бир катар инвесторлор менен жолуктук. Максаттаган жумуштар бат эле жүзөгө ашып калбайт, ага да убакыт керек. Буюрса облусту өнүктүрүү үчүн жасап жаткан кадамдарыбыздын жыйынтыгы болот.

- Баса айта кетүүчү жагдай, жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда башка аймактарга салыштырмалуу Жалал-Абад облусунан Президенттик аппаратка арыз-даттануулар көп экендиги айтылган болчу. Бул жаатта кандай болуп жатат?

- Президенттин кабылдамасына түшкөн арыз-даттанууларды тактап көрдүк, каттардын 90 пайызында түз президентке кайрылышкан.10 пайызы гана район-шаар бийлигине, бизге кайрылып, катка берилген жоопко канааттанбай жазган. Мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бизге түшкөн ар бир кайрылууну дыкат текшерүүнү мен да талап кылып, тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө да айтылып жатат.

- Жарандар негизинен эмне маселе боюнча кайрылышкан?

- Жогору тарапка кайрылгандардын дээрлиги сотторго нааразы болуп жазышкан. Ошондой эле укук коргоо органдарына болгон даттанууларды түзгөн. Сот өкүлдөрү менен да сүйлөшүп, эл жазган арыз-даттанууларды жеткирдик.

- Ала-Букада Өзбекстан менен Кыргызстандын кызматташтыгын бекемдеген логистикалык борбор былтыр курулуп баштаган. Жумуш кандай болуп жатат? Негизи эле Наманган менен Жалал-Абад облусунун кызматташтыгын бекемдөө багытында түзүлгөн жол картада 22 пункт камтылганы айтылган. Ошол картага ылайык эмне жумуштар жүрүүдө?

- Былтыркы жылы биздин өлкө башчыбыздын Өзбекстанга барган иш сапарында эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча жол картасы түзүлгөн. Жалал-Абад облусунун Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен кызматташуу жолу каралган. Жол картанын негизинде эки жолу бизнес-форум болуп өттү. Өзбекстанда биринчи өткөн форумда 9 келишимге кол койдук. Экинчиси бизде өткөндө 60тан ашуун ишкер менен жолугуп, 11 келишим түзүлдү. Кызматташуу алкагында Наманган облусунда эн чоң текстилдик фабрика менен биргелешкен ишкана ачылганы турат. Бул үчүн Ноокен районунан жер караштырылды. Өзбекстан тарап 18 миллион доллар бөлүп бере турганын билдиришкен. Эки өлкөнүн премьер-министрлери кол койсо, күзгө чейин пахтаны тергенден баштап аягына чейин иштете турган завод куруу пландалууда. Пахта жип, кездемге айланып, сыртка экспорттолот. Жарандар жумуш
менен камсыз болот. Ала-Букадагы логистикалык борбор Өзбекстан мамлекети менен биргелешкен ишкана болот. Ал үчүн 20 гектар жер бөлүнүп, толук бүткөрүлдү. Ал эми курулуш иштеринин 30 пайызы бүтүп калды. Бизге берилген маалымат боюнча, 4 миллион сомдун тегерегинде жумуш аткарылды. Бул борбордун иштөөсү үчүн «Баймак» чек ара постун ачуу зарылдыгы турат. Ал посттун ачылуусу боюнча жооптуу жетекчилер, жумушчу топ иштеп жатат.

- Инвестиция тартуу жагы кандай болуп жатат? Бир топ эле инвесторлор менен жолугушуп жатасыздар дегендей...

- Бир топ эле инвесторлор менен сүйлөшүп, өз потенциялабыз тууралуу айтып жатабыз. Биздеги долбоорлорду көрсөтүп жатабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы бар, 1 жылда ишке кирчү жумуш эмес. Маселен, Ырыс айыл аймагынан 13 гектар жерди айыл чарба багытынан өнөр жай багытына котордук. Бүгүнкү күндө ал жерде сүт заводу курулуп жатат, күнүнө 100 тонна сүт өндүрүүгө ыңгайлуу. Май айынын аяктарында бүтүп калат. Ушундай эле завод Ала-Букада бүтүп калды, март айынын аягында ишке берилүүсү күтүлүп жатат. Дал ушул Ала-Бука районунда кен казуу менен алектенген ишканалардын рекультивациялык эсептеринде турган акча каражаты элге сүт багытындагы уйларды алуу үчүн 10 пайыздык насыя катары берилүү алдында турат. Эгер сүт багытындагы уйлар көбөйсө, күнүмдүк турмуш-тирчиликке керектүү акча түшүп калат. Элге да сүттүү уйларды алуу боюнча түшүндрүү иштери жүрүп, кызыккандар арбыды. Дээрлик бүтүп калган завод ишке кирсе, элге да, иштеткендерге да пайдасы зор болот. 300дөй адам жумуш менен камсыз болот. Катар маммлекетинен келген инвесторлор менен да сүйлөшүп жатабыз. Аларга да Ырыстагы 13 гектардын ичинен жер бөлүнүп берилди. Логистикалык борбор жана эки кайра иштетүүчү завод курушат. Алар да быйыл жумушту баштады, жерди тегиздөө жумушун бүтүштү. Буюрса август айларында аягына чыгып калышат. Биздеги мөмөжемишти катырып, таңгактап, экспортко чыгарышат. Ошондой эле экологиялык бренд катары биздеги алма-өрүктөрдөн конфет чыгарганы жатышат.

Жалал-Абаддагы мөмө-жемиштерди экспертизадан өткөрүшүп, туура келген соң бул чечимге келишиптир. Экологиялык таза конфет катары экспорттошот. Булар ишке кирсе 200 жумушчу орун пайда болот. Германия мамлекетинен келген инвесторлор биздин жапайы алманы кайра иштетүүгө кызыкдар. Алар жапайы алманы чогултуп, эзип, Германияга жөнөтүшөт. Инвесторлор 1,5 гектар жер сурап жатышат. Биз жер көрсөттүк, алар Курманбек айыл аймагынан сурап жатышкан. Азыр ал тараптан жер каралууда. Биз да тездетип берүүнүн аракетин жасап жатабыз. Биздин кадам да инвесторлорго шарт түзүү менен экономикалык абалды жакшыртуу болуп саналат.

- Облуста 2 алтын ылгоочу фабрика ишке киргени турат. Экологиялык талаптар эл нааразы болбогудай шартта сакталабы?

- Экология биринчи кезекте сакталат. Атайын эксперттер корутундуларын чыгарып кетишти. Экологдордун, биздин көзөмөлдө болот. Бир аптада, бир айда экспертизадан өткөрүлүп, каралып турат. Фабрика ишке киргенде бир канча жумуш орун түзүлөт.
Буга чейин алтын камтыган концентрат сыртка алынып чыгып жаткан болсо, алтын ылгоочу фабрика ишке киргенден тартып алтын өзүбүздөн бөлүнүп чыгып калат. Алтын, күмүш, жез ар бири өзүнчө бөлүнөт. Биз кандай кен байлык чыгып кетип жатканын билип турабыз. Экинчиси, бюджетке өтө чоң толуктоолор кирет. «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясынын алтын ылгоочу фабрикасы бүттү. Буга чейин түшкөн миллиондор 2-3 эсеге көбөйөт. Мына ушундай алтын ылгоочу фабрикалардын ишке кирүүсүнөн төлөмдүн көбөйүүсү, лицензияны кармоо үчүн төлөм салыгынын өлчөмү бир нече эсеге көбөйгөндүгүнүн эсебинен Чаткал районун дотациядан чыгаралы деп жатабыз. Чаткал, Сумсар айыл аймагын дотациядык чыгарсак, бир район чыккан болот. Азыр ушул план үстүндө иш жүрүп жатат.

- Дал ушул райондо санитардык зонага кирип калган 62 үй-бүлөнү бүтүндөй өлкө билет. Алар кантип жатышат?

- Санитардык зонага кирип калган жашоочуларды көчүрүү үчүн кен иштеткен компанияга тоскоол болбой турган жерден жер караштырылган. Ал эми көз карандысыз баалоочулар келип, жашоочулардын үйлөрүн баалап кетишкен.  Компаниябаалоочулар баалаган сумманын үстүнө дагы 20 пайыз кошуп бериптир. 61 үйбүлөнүн 18и турак жайлары үчүн чыккан кенемтени алышты. Калгандары да алып жатышат. Канча суммага айланганын компания да, баалоого макул болгон эл да айткан жок. Кенемте төлөмү компания менен үйүн баалагандардын ортосундагы сыр болуп калды. Биз да аралашкан жокпуз. Көчүүнүн каалабаган саналуу үй-бүлө бар, аларга дагы түшүндүрүү ишин жүргүзөбүз.

- Региондорду өнүктүрүү фондун түзүү тартиби боюнча былтыр өкмөт жобо иштеп чыкканы айтылган. Бизде кайсы райондордо жаңыдан түзүлдү? Облуста өнүктүрүү фондунун бюджети канча сомго жетет?

- Райондордо өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Республикалык бюджеттен ар бир районго 30 миллион сомго чейин каражат бөлүнүүсү күтүлүп жатат. Элдин санына карап, этапэтабы менен бөлүнүп берилет. Буга чейин Чаткал, Ала-Бука райондорунда өнүктүрүү
фонддору бар болчу. Токтогулда атайын фонд болсо, Ноокенде «Кыргызнефтегаз» ААК тарабынан 80 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турат. Аксы, Базар-Коргон райондорунда эч кандай фонд жок болчу. Сузак районунда болгону 1 миллион сомдун
тегеринде гана тыйын түшчү, фонд аты эле болбосо бул райондо деле тыйын жок болчу. Буюрса өнүктүрүү фонддордун түзүлүүсү да биздин ишибизди арыштатат. Облусту өнүктүрүү фондунун жоболору жаңыланды. 30 пайыз социалдык обьектилерге, 20 пайыз айыл чарбасына, 50 пайыз экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Азыр мыйзамдар
өзгөрдү. Быйыл жаңы мыйзам менен анализ кылып, анан бюджетин бекитебиз.

- Базар-Коргондо А.Осмонов мектебинин окуучулары жергиликтүү тургундун үйүндө билим алып жатышат. Сузакта Фуркат мектебинин бүтпөй жатканына 30 жылдан ашты. Бул мектептер боюнча эмне жумуш жүрүп жатат?

- Осмонов мектебин өзүм да барып көргөм. Биз өкмөткө чейин маселе көтөрүп, чечкенбиз. Биз 150 балага ылайыкташкан мектеп курдуруп, былтыр күзгө чейин киргизүүгө болгон күч аракетибизди жумшап баштаганбыз. Айыл жашоочулары спорт залы менен эки кабаттуу заманбап мектеп куруу керектигин айтышып, 150 орундуу мектеп курулуусуна каршы болуп коюшту. Жашоочуларга анда 4-5 жыл күтүүгө туура келерин айтсак, макул болушту. Кайрадан планды өзгөртүп, эки кабаттуу имарат Мамкурулуш аркылуу титулга киргизилди. Былтыр бюджетке киргизилип, 10 миллион сом бөлүнүп, котлованы казылды.
Ырыс айыл аймагындагы Фуркат мектебинин курулушунун 80 пайызы бүткөн бойдон 30 жылдан бери аягына чыкпай турат. Бул мектеп бюджетке киргизилген. Билим берүүчү жайды күзгө чейин бүткөрүү пландалууда. Биз да бүтүүсүн ынтызарлык менен күтүп жатабыз.

- Облусту өнүктүрүү боюнча кандай ири долбоорлор бар?

- Облусту өнүктүрүү өндүрүштү жандандыруу болуп саналат. Бул үчүн иштей беребиз. Баса айта кетүүчү жагдай, Жалал-Абад шаарынын ичинде турган түрмөнү шаар сыртына которуу боюнча акча маселеси өкмөт тараптан чечилген. Биз түрмөнү жылдырууга Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынан 8 гектар, Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 8 гектар көрсөткөнбүз. БазарКоргондогу жерге макул болуп жатышат. Себеби андагы кызматкерлердин үйү шаар ичинде, жумушка барып-келүүгө ыңгайлуулугу бар. Жыл аягына чейин шаар сыртына чыгарылары күтүлүүдө. Келечекте калаадагы аэропортту эл аралык аэпортко айландыруу үчүн иштеп жатабыз. Түркиядан келген инвесторлорго аэропорт куруу боюнча долбоорду көрсөткөнбүз, кызыкдар болуп жатышат. Өздөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп, анан жооп бермей болушкан.  Сузак районуна караштуу Көк-Арт аймагынан 200 гектар жер берилерин түшүндүргөнбүз. Жасалган кадамдардын баары ушул элге шарт түзүү, жумушсуздукту жоюу, экономикалык абалыбызды жакшыртууга багытталган.

Булак: Турмуш.кж