Быйыл жалпы мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын башталышы 2-апрелге туура келет. Мындай биргелешкен чечимди үч өлкөнүн: Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (ДИМ) кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар билдирди.   Казакстандын Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Нур-Султан шаарында дин башкармалыгынын Президиумунун жыйыны өтүп, анда ыйык айдын башталышы аныкталды. Ошондой эле жолугушууда Азирети муфтий жалпы элди кайрымдуулукка чакырды.  Ал эми Кыргызстандын муфтияты буга чейин Орозо айынын башталышы тууралуу 28-апрелде маалымат беришерин билдирген, бирок азырынча маалымат жарыялана элек.


Булак: apta.kg