Ошондуктан, азыр мүмкүнчүлүк болгон жерлердин баарына суу сактагыч курушубуз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов vb.kg агенттигине маек берип жатып билдирди.

"6-чакырылыштан бери бир маселени көтөрүп келе жатам. Ал суу сактагыч куруу маселеси. Биздин Сузак районубузда Көкарт дарыясы бар. Ошол дарыянын суусу кошуна өлкөлөргө жөн эле агып кетип жатат. Суу сактагыч куруп, ал дарыянын суусун чогултсак, суу тартыштыгы болмок эмес. Элибиз электр энергиясы менен камсыз болмок, балык чарбалары болмок жана дыйкандарыбыздын түшүмү мол болмок. Дагы 20 жылдан кийин суу алтындай эле кымбат болот. Эмне үчүн биз колубузда турган нерсени жасай албайбыз?..

Ошондуктан, бул маселени дагы деле көтөрүп, талап кылып келе жатам.

Биз мүмкүнчүлүк болгон жерлердин баарына суу сактагыч курушубуз керек", - дейт эл өкүлү.

Булак: vb.kg