Бүгүн, 23-мартта президент Садыр Жапаров Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Анда 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Улуттук статистика комитети 25-марттан 3-апрелге чейин, айрым аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого толук даяр экени айтылды.
Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, учурда 28 миңге жакын убактылуу каттоо кызматкери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана каттоочулар) кабыл алынып, алар атайын окуудан өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууга байланышкан бардык каржы маселелери чечилди.
Калкты каттоодо биринчи жолу мобилдик тиркеме колдонулуп, электрондук форматта уюлдук телефон же планшет аркылуу да өткөрүлөт.
Мамлекет башчы өнөктүк тууралуу элге кеңири маалымдоо иш-чараларын күчөтүүнү, ишке тартылган бардык жетекчилерге эл каттоонун жүрүшүн көз жаздымында калтырбоону, жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик менен аткарууну тапшырды.
Булак: Маралфм