Эгер Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхындагы мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин эң чоң катачылыгы же өз элине жасаган кылмышы дүйнөдөгү жети алтын кендин катарына кирген “Кумтөрдү” эл аралык деңгээлдеги аферист-шылуундарга берип, кийин өзүбүздүн үлүшүбүздү 3/1ге азайтып жибергендиги болсо, азыркы бийликтин чоң жеңиши - ошол кенибизди кеч болсо да толук бойдон Кыргызстандын карамагына кайтарып алуу деп айтсак болот.
Албетте, алгач айрым эксперт сөрөйлөр менен котур ташын койнуна каткан саясатчы болумуштар: “Кыргызстан эл аралык сотто канадалыктарга утулуп калат, чет жактагы алтын корубуз камакка алынат, ошондо бүтүндөй мамлекетибиз “банкротко” айланат”- деген сыяктуу пессимисттик божомолдорду айтып келишти. Ага карабай учурдагы бийлик эки жыл боюу канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын экологиябызга келтирген зыяндарын далилдеп, моюнуна койгондон кийин доо коймок турсун, кара жанын алып чыгып кеткендигине сүйүнүштү окшойт, эч кандай үлүшү жок эле өткөрүп беришти.
Мындай жаңылыкты 21-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз салтанатында сүйлөгөн сөзүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Жапаровдун айтымында, бийлик “Кумтөр” кенине тышкы башкаруу киргизгенден кийин кенди иштетүүдөн түшкөн киреше 48 млн доллардан 220 млн долларга чейин жогорулаган.
“Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул - элдин жеңиши! Кумтөр - Кыргыз Республикасына таандык! Бул тарыхый учур”,- деди ал.
Булак: “Майдан. kg” гезити