Россиянын Украинага жасаган аскердик операциясынан улам АКШ, Батыш мамлекеттери киргизген санкциядан улам бул өлкө быйылкы жылдын 31-мартына чейин стратегиялык жактан маанилүү азык-түлүк деп эсептелген дан өсүмдүктөрүн, кумшекер, өсүмдүк майын сыртка чыгарууга тыюу салган болчу. Андыктан ансыз деле дүрбөп турган эл дүкөндөрдөн ушул азыктарды дүңүнөн сатып алып, кумшекердин баасы 100 сомго чейин чыгып кетти. Ал эми ири соода түйүндөрү кумшекер менен өсүмдүк майын кадимки согуш мезгилиндегидей бир адамга бир кило, бир литрден сатып калды.

Азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына  президент Садыр Жапаров да көңүл буруп, 1 тонна кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тиешелүү министрликтерге тапшырды.

15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 1 тонна кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди.

“Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле өлкөгө жайылып кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай калды. Биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен. Болгону дүкөндөргө гана түгөнүп калган. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан”,- деди Ажикеев.

Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырууда.

Бир чети мына жаз келип калды, элибиз деле жатып албай, бош жерлерге жок дегенде семичке эгип алышса, ал суу май болот. Кумшекерди да өзүбүз өндүрөбүз, болгону кант кызылчасынын аянтын кеңейтип, түшүмдүүлүгүн жогорулатышыбыз керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити