Айрымдар анын мамлекеттик медициналык мекемелерди “менчиктеп”, ал тургай ал жерге үй да салып, жашап алган белгилүү врачтарды кубалап, ооруканаларды мамлекеттин эсебине өткөрүп жаткан иштерин колдоого алышса, башкалар ушул эле иштери үчүн сындап да чыгышууда.
Мына ошондой топтогулардын акыркы билдирүүлөрү менен ишине нааразы тараптар 18-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын уюштурду.
Алардын бири парламенттин мурдагы депутаты Галина Куликова Бейшеналиевдин окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун дарегине айткан сөздөрүн сындады: “Бейшеналиев элдик дарыгерден кечирим деле сурабай эле койсун. Анын кечириминин кереги жок. Биз аны ээлеген кызматынан бошотууну талап кылабыз. Бейшеналиевге окшогон киши саламаттык сактоо министри боло албайт”.
Белгилей кетүүчү жагдай, А.Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.
15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан болчу.
Ушундан кийин бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүшкөн.
Эрнст Акрамов министр менен жеке тааныш эмес экенин, мурда аны менен иштешпегенин айткан.
Жогорку Кеңештин 17-марттагы жыйынында айрым депутаттар да Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-турумуна, башка кесиптештери тууралуу айткандарына өлкө жетекчилери реакция жасашы керек экенин айтышкан.
Мындан мурда белгилүү травматолог Сабырбек Жумабековду да клиникасынан кубалап чыгып, иштен алып, ал жетектеп келген медициналык мекеменин атын өзгөртүп, кайра түзсө, кийин дагы бир белгилүү көз доктур Алмазбек Исманкуловду да “имаратты бошот, лопух, сага 3 саат убакыт берем...”,- деп, коркуткан видеосу тараган.
Деги, А.Бейшеналиев реформатор-министрби же кыйратуучубу?
Булак: “Майдан. kg” гезити