Кызматка дайындалганына 3 ай болгондон кийин коррупция беренеси менен айыпталып, камакка алынган Бажы кызматынан мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков 51,2 млн. сомду мамлекеттин казынасына “кусуп”, эркиндикке чыкты.

Минтип коррупцияга малынгандардын келтирген зыяндарынын ордун толтуруп, уурдагандарын кайтарып жаткандары туура. Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы ушундай болушу керек.

Бирок бизди башка бир маселе ойлонтуп атат. Үч айдын ичинде ушунча каражатты кымырып ийгени, Бажы системасында коррупция өтө эле тамырын терең жайганын, коррупциялык схемалар дагы деле иштеп келатканын айгинелейт. Болбосо, буга чейин ушул тармактын башка лөктөрү да жегендерин “кускан” болчу. Бирок алардын тагдырлары кийинкилерге сабак болбогон өңдүү. Коррупционерлерге карата мындай чаралар “уурдай берейин, кармалсам утулам, кармалбай калсам кутулам” деген мамилени шарттап жаткан жокпу? Ошол эле мезгилде кармалып, камалып, “кускандар” уурдагандарын толук мамлекетке кайтарды дегенге кепилдик барбы? Балким, “кустургандан” кийин да эркинен ажыратылып, жаза мөөнөттөрүн өтөп, экинчи системада иштей албагыдай болушу керектир. Бизде тилекке каршы, коррупция менен айыпталгандардын эч нерсе болбогондой эле иштеп жүргөндөрү жетишерлик. Үч айдын ичинде жарым миллион долларды кымырганга жетишкен Адилет Кубанычбеков эртең эле кайрадан Бажы системасында иштеп калбайт деп да эч ким айта албайт.

Булак: “Майдан. kg” гезити