Учурга карата Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 25,3 %ды түзөт. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, жакыр жашап аткандарга 1,6 млн. кыргызстандык кирет. Бул көрсөткүч көп. Эгерде 2012-жылы жакырчылыктын деңгээли 38 %ды түзгөн болсо, 2017-жылы көрсөткүч төмөндөп 20 %ды түзгөн. Андан кийин пандемиянын кесепеттеринен улам бүгүнкүдөй деңгээлге түшүп олтурат. Акчалай алганда, бул адам башына бир айлык киреше 1648 сом дегенди билдирет. Өтө эле жакыр абалда жашагандардын саны – 59 миң адам. Бул жалпы калктын санынын 0,9 %ы болуп эсептелет.