Бактылуулук боюнча Дүйнөлүк доклада Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн тизмесинде 64-орунду ээлегени маалым болду. Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп бешинчи ирет Финляндия өлкөсү табылды. Алдыңкы ондуктун ичине Дания, Исландия, Швейцария, Нидерландия, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана жаңы Зеландия өлкөлөрү кирди.
Ал эми Белорусия – 65, Россия – 80, Өзбекстан – 53, Тажикстан – 83, Казакстан – 40-орунду ээледи.
Бактылуулук боюнча Доклад 2012-жылдан бери жарыяланып келет. Анын рейтингин түзүүдө өлкөдөгү жан башына карата ИДПнын көрсөткүчү, социалдык колдоолордун деңгээли, жашоо узактыгы, жарандардын эркиндиктеринин сакталышы, жумуш менен камсыз кылуунун кепилдиги, коррупциянын деңгээли, ошондой эле коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары эске алынат.