Кызматтарда турганда мыйзамсыз, коррупциялык иштерди жасап, өздөрүн билип, өтүктөрүн төргө илип, мыйзамдын сурагына илинбей, жоопкерчиликтерден кутулуп кетүү көрүнүштөрү Кыргызстандын чиновниктерине аябай эле мүнөздүү. Аз күн мурда өзүнүн жакындары менен биргеликте алдамчылыкты ишке ашырып, ишкердин 1,2 млн. долларын кымырып, бербей жүргөн  ЖКнын мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев ишкерден өөнөп алган 1,2 млн. долларды кайтарып берип, өзүнүн баш коргоо чарасын  өзгөртүп, боштондукка чыкты. Эгерде кан кудасы дале президент болуп турганда, Алиярбек мырза ишкерди жанына жолотпой, акчасын доолаган ишкерге ортонок манжасын көрсөтүп, «колуңан келгенин кылып ал», - деген жообун бермек. Ага мыйзам да иштебей, укук коргоо органдарынын колдорунан да эч нерсе келбей, башынан бир тал чач түшмөк эмес.

12-мартта мурдагы  бийликтин дагы бир «сүймөнчүгү», «Биримдик» партиясынын тизме баштоочусу, «Мегаком» компаниясынын мурдагы директору Акылбек Жамангулов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага алдамчылык беренеси боюнча иш козголду. Ал түштүк кореялык ишкерлерден 2 млн. доллар алып, бирок берген убадаларын аткарбай, алдап кеткендиги белгилүү болду. Эми Акылбек мырза да күнөөсүн мойнуна алып, алган акчасын корейлерге кайтарып береби? Мындай жагдайда мыйзам чет элдик ишкерлердин, инвесторлордун кызыкчылыктары үчүн иштеши абзел. Болбосо, өлкөбүзгө кайсы инвесторлор келип, кайдан өлкө башчынын «инвестициялык климатты жакшырталы, экономикабызга  инвестиция тарталы» деген максат, тилектери ишке ашат?

Булак: “Майдан. kg” гезити