Ырчы Анжеликага өзүңдү пиар кыласың деп эки аял келип кол салган. Бул тууралуу видеосун кошуп инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Милиция чакырып жаткан кези. Жарым саат мурун бул эки аял салондун жабылып турганына карабай администраторду укпай кирип келип, чачым суу кезинде чык деп, жаанга карабай келдик «ЧЁРНЫЙ ПИАР» менен эле жашайсын деп жемелешти. Жардам сурап келдик дейт.
Мен “маселесин жазып, номерин калтырып күтпөй кете бериңиз”- десем, көпкө сүйлөндү.
Анан ызам келип, кооптонуп, видеого тартып алайын дедим. Себеби, сени интернетке калп эле элге жардам беримиш болот, чынында жардам бербейт деп жазабыз деди. Мен макул, жаза бергиле дедим. Жардамга муктаж адамдар мындай болбойт. “Кудай уруп кетсин, азап тартып кал”- деп тилдебейт. Милицияга мени колун тытты деп арыз жазат имиш. Бул видеодо ЧЫНДЫК ачык айкын көрүнүп турат !
Пандемияда ушуга окшогондор мени ДААРЫ САТЫП ЖАТАТ ДЕП , бекер таратып жатсам дагы ушак кылышкан! Кайрымдуулукту КӨРСӨТПӨЙ БЕР ДЕГЕНДИН МААНИСИН- АЛЛАХ УШИНТИП МИСАЛ КЫЛДЫ. Болду. Эми жардам берсем, эч көрсөтпөй, эч кимди үндөбөй берем.
Мындан тышкары салонго күнүнө 50дөй адам келип, карызга акча эле сурай беришет”-деген.
Ырчы муктаждарга кол сунууда ушуга окшогон бут тосууларга, көрө албастыктарга кабылып келгенин ачыктаган.
Булак: argument.kg