Франциянын Биарриц аймагында Украинаны колдогон активисттер Орусия президентинин мурдагы күйөө баласы Кирилл Шамаловдун хансарайын ээлеп алышты. Милиция сары желек кийген активистерди кармап кетти. Алардын лидери Пиерре Хаффнер хансарайдын үстүнө Украина байрагын жайгаштырып, "бул үйгө Украинадан келген качкындар жашайт" деп билдирди. Кирилл Шамалов орусиялык олигарх. Ал Владимир Путиндин кызы Катерина Тихонованын мурунку күйөөсү болгон.

Булак: apta.kg