Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн курамына кирген министрлердин кимиси татыктуу, мыкты иштеп жатат десе, саясатты иликтеп түшүнгөнү деле чала-була кызыкканы деле ал тышкы иштер министри Руслан Казакбаев деп жооп беришет. Анткени ал дипломатияны мыкты өздөштүргөнү ар бир кадамынан көрүнуп турат. Планетадагы анын эң күчтүү коллегалары болгон РФнын Тышты Иштер министри Сергей Лавров менен да АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен да тең ата сүйлөшө алат деп эсептелет.
Бизге жеткен ар кандай маалымат булактарынан чыккан өлкөнүн жогорку бийлиги Казакбаевди кызматынан кетирет экен деген сөз акырындык менен тарап жатат. Эгер бул ушактын чындыкка жакын болсо Рулан Казакбаев кимдин чекесине чыккан чыйкан болууда. Эгер аны кетиргенде татыктуу алмаштыра алчу талапкер барбы? Бул да өзүнчө татаал суроо. Негизи өлкөнүн жогорку бийлик министр өңдүү кызматкерди биздин адам деген сезим менен кызматын котортпош керек. Эң негизги суроо ал кандай иштейт деген маселе болушу керек. Ошондуктан биз мындай сөздөрдүн чындыкка айланып кетүүчү факты эмес. Жөн гана чыккан ушак кеп катары калышын каалайбыз. Планетада сырткы саясат курчуп татал болуп турган кезде биздин өлкөбүзгө дал ушул Руслан Казакбаевдей Тышкы Иштер министри керек. Же сиз бул ойго каршысызбы ? Анда оюңузду далилдеп бөлүшүңүз.
Булак: argument.kg