Редакциянын Whatsapp номерине кат келди. Анда Кара-Суу районундагы айылдык кеңештин мурдагы депутаты жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мурдагы жетекчисинин диплому жасалма экендиги айтылган. Катты өзгөртүүсүз беребиз:
"УКМК кызматкерлери "крышевать" кылган Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин мурдагы 2 жолку "жепжутаты" жана “Кызыл-Кыштак” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 2006-2010 жылдагы жетекчиси Ташпулатов Авазхан Рашидович жогорку билими тууралуу диплому жасалма экендигин Фергана мамлекеттик университетинин ректору Ташматовдун 01.02.2016-ж. №08/282 каты менен тастыкталган.
“Экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташуу жөнүндө” эл аралык Макулдашуунун негизинде 20.02.2018 жылы КР Финполициясы Өзбекстан Республикасынын Башкы Прокуратурасынын департаментине А.Р. Ташпулатовдун жогорку билими тууралуу дипломунун бурмаланышын текшерүү үчүн эл аралык суроо-талап жөнөтүлгөн.
24.03.2018 ж. КР Башкы прокуратурасына жана КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Салык, валюталык кылмыштарга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы күрөшүү департаментинен жооп келген. Ага ылайык Улугбек атындагы Фергана мамлекеттик педагогикалык институтун жана Фергана мамлекеттик университетин бүтүргөн студенттердин тизмесинде Тошпулатов Авазхон Рашидович жок. Дипломдорду берүү китебине ылайык Г-П сериясындагы диплом №049377 каттоо №938 катталган эмес. Бирок, Финполиция эскирүү мөөнөтү өткөндүгүна байланыштуу кылмыш ишин мыйзамсыз кыскарткан".