Кочкор районундагы мектеп мугалими асынып каза тапты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды. Окуя 9-мартта болгон. Мындай маалыматты ал эмгектенген мектептин директору З.А. Turmush басылмасынын кабарчысына тастыктады.
Анын айтымында, маркум Анаркан (аты өзгөртүлдү, Г.Ч.) 2010-жылдан бери башталгыч класстагы окуучуларга билим берип келген.
«Бир ай мурун мугалимдердин дипломун текшерүү үчүн райондук прокуратурага бергенбиз. Февралдын аягында прокуратурадан мага байланышка чыгышып, Анарканды прокуратурага чакырышкан. 7-март күнү менден уруксат сураган. Ал эми 8-март күнү үйгө ден соолугуна байланыштуу жумуштан бошотуу боюнча арызын көтөрүп келиптир. Мен ага “4-классты бүтүрүп, андан кийин кет” десем, ал: “Дипломум жасалма болчу, көп акча төлөп калам го. Коркуп жатам. Арыз сизде калсын» деп кетип калды. Эртеси, 9-мартта жумуш менен райондук билим берүү бөлүмүнө бардым. Райондун борборунан айылга келе жатканда прокуратурадан телефон чалып:
“Анаркан бизге келиши керек эле. Кечигип жатат”, – дешти. Таксиде бара жатканда Анаркан менен байланыштым. Ал: “Азыр, кийинип жатам” деген. Ошону менен байланышкан жокмун.
Мектепке келсем мугалимдер: “Анаркан асынып каза болуптур” дешти. Бул кабарды өзү менен байланышкандан кийин 20 мүнөттүн ичинде уктум», – деди ал. Маркум 1968-жылы туулган. Кочкор райондук прокуратурасы бул окуя боюнча тергөөнүн жыйынтыгы менен
маалымат бериле турганын билдирди.
Булак: bulak.kg