Россия-Украинадагы согуштук абал, андагы  окуялардын өнүгүүсү, тараптардын аракеттери кандай болору боюнча эл аралык эксперттер, конфликтологдор ар кандай божомолдорду айтып жатышат. АКШда чыгуучу  атактуу  The New York Times басылмасы да Россия-Украина маселесине кайрылып, согуштун аяктоосунун мүмкүн болгон  3 вариантын жазды.

Гезиттин биринчи варианты боюнча, Россия-Украина согушу уланып, Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери көрө элек аскердик кылмышка күбө болушу мүмкүн. Эгерде Батыш Путинди токтото албаса, ал Украинаны жер үстүнө жок кылып салышы ыктымал. Бүгүнкү дүйнө 11 убакыт зонасын өзүнө камтыган эбегейсиз аймакты башкарып,  дүйнөгө газ менен нефтинин ири көлөмүн экспорттоп, эң күчтүү ядердик арсеналга ээлик кылган лидерди көрө элек болчу. Бул эң катаал вариант.

Экинчи вариант. Ишке ашуу ыктымалдыгы  аз болгон вариант. Мында Россияга киргизилген экономикалык санкциялар эки өлкөнү тең кыйнап, тараптар  компромисстерге барат. Согуштук аракеттерди токтотуп, орус аскерлеринин чыгып кетүүсү үчүн Украинанын чыгыштагы анклавдары формалдуу түрдө Россияга берилип, Украина НАТОго эч качан кирбөө милдетин алат. Ал эми АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Россияга каршы киргизилген экономикалык санкцияларын алат.

Үчүнчү вариант. Бул ишке ашуусу өтө эле кыйын вариант. Мында Путиндин согушуна каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгып, бул Россия аймагында массалык көрүнүшкө айланып, окуялардын өнүгүүсү Путинди бийликтен кетүүгө аргасыз кылышы зарыл.

Албетте, АКШнын, анын союздаштарынын  өз көздөгөндөрү, максаттары бар. Окуялардын өнүгүүсү өздөрү каалагандай сценарий менен жүрүүсүн каалашат. Кыргызстан үчүн Россия – Украина тиреши экинчи вариант менен аяктагандан өтөрү жок. Биз эң ириде экономикалык абалыбызды, Россиядагы жүз миңдеген мигранттарыбызды ойлошубуз керек. Батыраак согуш токтоп, тынчтык эле болсун.  «Эки дөө кырылышса, ортосунда чымын өлөт» дегендей, «чымын» болуунун баасы  өтө кымбат болорун  жон терибиз менен сезип атабыз…