9-мартта Бишкек шаарына учуп келген учактын бортунда жарылуучу зат бар деген маалымат милицияга түшкөнүн Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. «Учак жерге саат 19:35те конгону такталды. Маалымат түшкөндөн кийин дароо "Манас" аэропортунун аймагы курчоого алынды. Учак конгондон кийин милиция кызматкерлери жүргүнчүлөрдү коопсуз жол менен сыртка чыгарган», - деп айтылат милициянын маалыматында.
Учурда атайын кызмат иштеп жатат. Коомдук тартип милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Аэропорттун маалыматы боюнча, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Санкт-Петербургдан учуп келген учагы «Манас»
аэропортуна саат 19:43тө конгон. Avia Traffic Company («Авиа Траффик Компани») Бишкек шаарында катталып, 2021-жылдын 20-сентябрында кайра каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси — Аскаров Алик Бакеевич. Компаниянын түзүүчүлөрү — Садыралиева Эркайым Асхатовна, Аскаров Алик Бакеевич жана Дамин Карим Фиатович.
Булак: Баракелде