Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылындагы аялга үй куруп берди. Бул тууралуу анын тарапташынын социалдык тармактардагы баракчасында жазылган.
Маалым болгондой, Гүлжан Абдыразак кызы 1997-жылдан бери бөйрөк оорусу менен ооруйт. Анын жеке турак жайы жок болгондуктан, аял туугандарыныкында жашаган.
"Ташиев ал аял жардам сурап, кайрылган күндөн кийин эки айга жетпей үй салып берди. 2022-жылдын 6-мартында аксакалдар ал аялга үйдүн ачкычын тапшырган", - деп жазды Өткүрбек Рахманов.
Булак: kaktus.kg