Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы өз постунда дүйнөдөгү эл аралык саясый абал жана өлкөдөгү экономикалык, каржылык кырдаал боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Пандемиядан толук калыбына келе электе Россияга Батыш өлкөлөрүнүн тоталдык санкцияларды киргизүүсү рублди кунун кетирип, ал КМШдагы башка өлкөлөрдүн  каржы системаларына, экономикаларына да терс таасирин тийгизүүдө. Бул башталышы гана. Россиядан санкциялар алынбаса, мындан кийинки абалыбыз кандай болот?

Министрлер кабинети каатчылыктын, инфляциянын кесепеттерин мүмкүн болушунча жеңилдетүү  боюнча атайын иш чара иштеп чыккан. Бирок, ал азырынча кырдаалга адекваттуу болбой жатат. Күндөлүк зарыл азык-түлүктөрдүн баалары күн санап өсүүдө, өткөн жылы курулуш материалдары 40-50 пайызга кымбаттады. Кийим-кечектердин, күндөлүк керектелчү товарлардын,  күйүүчү-майлоочу майлардын баалары да өсүүдө. Алдыда айдап, себүү өнөктүгү турат. Каатчылыктын соккусун азайтуу үчүн дыйкандар, фермерлер бир гектар жерди бош калтырбай дан эгиндерин, жашылча, бахча продукцияларын өстүрүүлөрү зарыл. Айыл чарбасын колдоо үчүн жеңилдетилген насыяларга 26 миллиард сом бөлүндү, бул аябагандай чоң сумма, бирок өлкөдөгү 400 миңден ашык дыйкан-фермерлерге толук жетпейт. Өкмөт азыр жакынкы үч жылдын ичинде айыл чарбасында иштегендерди толук кредиттер менен камсыз кылуу үстүндө иштеп жатат.

Каатчылык күчөп бараткан шартта өзгөчө үнөмдүү, сарамжалдуу болушубуз зарыл. Президент жакында бул жаатта атайын Жарлык чыгарды. Эл колдо болгон акчаларын кармап отура бербестен аларга наркын жоготпой турган баалуу нерселерди, маселен КРнын Улуттук банкынан алтын куймаларын сатып алышса болот,- деди президент. Бирок, оюбузду айтсак, элдин алтын сатып алганга чамалары жете тургандары 5-6 пайыз эле болбосо, калктын басымдуу көпчүлүгүнүн алтын түгүл, күмүш сатып алганга деле чамалары жетпейт. Элдин көпчүлүгү күндөлүк тиричиликтерин эптеп өткөрүп жатышат.

Президент өз постунда айрым маселелерди ачык айтпай, четин гана чыгарган, ал саясый жактан туура. Украина менен Россиянын ортосундагы кагылышууга АКШнын, Еврошериктештиктин да аралашып кетүү коркунучу бар. Эгерде андай болсо, рубль менен сомго кошо доллар менен евронун курстары да кескин төмөндөп кетиши ыктымал. Ошондуктан жашылбайларды чеңгелдегендер аларды жаздыктарына, сейфтерине жашырып отура беришпестен куйма алтындардан сатып алып коюшса, уттурушпайт. Бул биринчиси.

Экинчиси. “Центерра” Лондондогу алтын сатылуучу биржада Кыргызстандын алтындарын сатканга бөгөт көйдуруп, Кумтөрдөн өндүрүлгөндөрдү ал жакка сатууга мүмкүн болбой калгандан улам бийликтегилер, алтындарыбызды элге да болсо саттыргылары келип, ага мамлекет башчысы өзү лоббист болуп жатат окшойт. Эмнеси болсо да президенттин демилгеси алтын түгүл күмүштү көрө электерге эле катуу тийбесе, акчалуулар Президенттин сунушун колдошсо болот.

1-апрелден мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлө турганы күздөн бери айтылууда. Бул категорияда иштегендердин маяналары башка бюджеттик тармактарда иштегендердикине салыштырганда ансыз деле жогору. Алсак, мамлекеттик катардагы органдын жөнөкөй кызматкери бир илимий мекмедеги илимдин докторунан көп  айлык алат. Ошондуктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эле артыкчылык бере бербестен бийлик башындагылар илимий, маданий ж.б. чөйрөдөгүлөрдүн абалдарын да эске алышса жакшы болмок деп ойлойбуз. Эң негизгиси, айлыктар жогорулатылса, пенсиялар ж.б.  көбөйтүлсө да алар инфляциянын деңгээлинен жогору болуусу керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити