Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Баяндама жасаган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов аталган мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы 5-майда Кыргызстан элине кайрылуусунда айткан маселени ишке ашыруу үчүн даярдалганын белгиледи.
«Анда мамлекет башчы Коомдук телерадио берүү корпорациясын реформалоо зарылдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле 2021-жылы 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын «КТРКны реформалоо жана аны Улуттук телерадио берүү корпорациясына айландыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун Президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыкты», – деди ал.
Талкуу маалында депутат Аида Исатбек кызы КТРКнын макамын өзгөртүүгө эмне түрткү берип жатканына кызыкты.
Өз кезегинде КТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев коомдук деп аталганы менен мамлекеттик мекеме катары бюджеттен каржыланып келгенин белгилеп, кайра мурдагыдай улуттук макам алуунун маанисине токтолду.
Анын айтымында, эгер коомдук деп аталган болсо, анда мамлекеттин бюджетинен каржыланбашы керек.
Ал эми депутат Гүлкан Молдобекова мыйзамды колдой турганын айтып, милдеттерди так аткаруу менен сөз эркиндигин жана бейтараптуулукту камсыздоого багытталган редакциялык саясатты улантууга чакырды.
Талкуу маалында депутаттар коомду агартууга, маданий баалуулуктарды жайылтууга жана улуттук идеологияны калыптандырууга багытталган материалдарды даярдоо жаатында сунуштарын берип, мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Булак: Маралфм