Уккан кулак сүйүнсүн. Кыргызстанда жылына пенсионерлердин саны 20 миңге көбөйүүдө. Бул кайсы бир деңгээлде узак жашагандар көбөйүп жаткандыгынан кабар берет. Ошол эле мезгилде өлкө үчүн пенсияга чыккандарды татыктуу өлчөмдөгү пенсия менен камсыз кылуу маселеси барган сайын кыйынга турууда.
Ушул жылдын 1-январына карата өлкөдө 714 миң 589 пенсионер каталган. Социалдык фонддун эсеби боюнча, 2030-жылга карата пенсионерлердин саны 900 миңге жакын болот. Пенсиянын орточо өлчөмү бүгүнкү күндө 6 миң 248 миң сомду түзөт. 2021-жылы пенсияларды төлөп берүүгө 50 млрд. 819,4 млн. сом керектелип, ал үчүн 38 млрд. 378,7 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрүнөн топтолсо, бюджеттен 23 млрд. сом алынган. Бул жылы камсыздандыруу төлөмдөрүн 41 млрд. 689,1 млн. сом өлчөмүндө чогултуу милдети коюлган.
Калктын жалпы санынын 10 %ын пенсионерлер түзсө, алардын 68 %ы айыл жерлеринде жашагандар. Ал эми пенсия алып жаткандардын 71 %ы аялдар. Бул аялдардын узак жашоосу жана пенсия курагынын төмөндүгү менен түшүндүрүлөт.
Булак: “Майдан. kg” гезити