Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик операция башталгандан бери орус күчтөрү Украинадагы 1067 аскердик инфраструктуралык объектиге, анын ичинде 27 командалык пунктка жана байланыш борборлоруна, 38 С-300, «Бук М-1» жана «Оса» абадан коргонуу системаларына сокку урганын билдирди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты.
Ошондой эле, бүгүн 7 зениттик-ракеталык комплекс, анын ичинде Краматорскинин жанында бир С-300 жок кылынды. Черниговго жакын жерде 3 чабуулчу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн. Операция башталгандан бери 254 танк жана башка бронетехника, жердеги 31 учак,, 103 талаа артиллериясы жана миномёту жок кылынды. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында Украинанын аймагындагы операцияда курман болгондор жана жарадар болгондор жок кылынган каршылаштарына караганда «бир нече эсе аз» экени белгиленет.
Булак: Баракелде