Алар кайра кылымдар боюу ынтымакта жашашып, базары, мазары бир болуп, куда-сөөк болуп келишкен. Ал эми өткөн жылы 27-апрелде, андан кийин кечээ жакында Кыргызстандын аймагына кокусунан кол салган Тажикстандын азыркы бийлигинин же президент Эмомали Рахмондун өз элин алагды кылуу, диктатуралык бийлигин сактап калуу жана маңзат бизнесин улантууну гана көздөгөн айла амалы экендиги убакыт өткөн сайын ачыкка чыгууда.

Мындай билдирүүнү быйыл 27-январдагы чыр-чатакта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары өздөрү айтып чыгышып, “Биз кыргыздар менен урушмак турсун, жаман сөз айткыбыз келбейт. Бул президентибиз Э.Рахмондун жана анын тегерегиндеги кландын элди алагды кылуу, баңги бизнесин жүргүзүү үчүн жасап жаткан арам иши...”,- деп айтып чыгышпадыбы.

Өткөндө Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун аксакалдары жолугуп, чогуу чай ичишип, элди ынтымакка чакырышкан болчу. Эми бул ирет Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун аксакалдары жолугушту.

Анда Лейлектин чек аралаш айылдарынан 40ка жакын аксакал, Тажикстандын Гафуров районунан да ушунча аксакалдар келди. Жалпысынан 100дөй адам болду. Ынтымак чайын ичип, аралашып отурушту.

Кыргызстандын Борбордук айылы менен Тажикстандын Хистеварз айылдары чектешкен жерде уюштурулган жолугушууга Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Тажикстандын Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода катышты.

Албетте, Кыргызстандын бийлиги тажик армиясы канчалык чагым уюштурса да аларга теңелип, согуш отун тутандырган жок. Мындан бир аз мурда эки өлкөнүн президенттери да үчүнчү өлкөдө жолугушкан учурда чек ара маселесин тынчтык жол менен чечүүнү макулдашкан. Ал эми тажик президенти эми өз эли да согушту каалабай тургандыгын түшүнүп, кыргыздарсыз кыйналып, сырткы дүйнөгө чыга албастыгын түшүнөр...

Булак: “Майдан. kg” гезити