Тажикстандын чек ара кызматы кыргызстандык жарандарды биздин эле өлкөнүн аймагынан кармап кетишип, ур-токмокко алышары, акча талап кылуусу жана узак мөөнөткө “чек арадан мыйзамсыз өттү”,- деген шылтоо менен камап жиберишери көндүм адатка айланып калууда. Мисалы, өткөн жылы Баткен облусунун 30га жакын жараны ушундай тузакка илинип, бир жараныбыз абактагы кыйноодон улам каза болуп калган.
Өз кезегинде Кыргызстандын аймагында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, ал тургай узак убакыт иштеп жүргөн тажикстандыктар да толтура. Жакында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстандын Хатлон облусунун Балхи айылында 1994-жылы туулган “Ч.М.” аттуу жараны эч кандай уруксат кагазы жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган.
Кармалган жаран 2019-жылдын 6-июлунан бери Кыргызстандын аймагында экени, ал Душанбе-Бишкек авиакаттамы менен 1988-жылы Тажикстанда туулган, “Х.Ш.А” аттуу Россиянын жаранынын чакыруусу менен келгени аныкталды.
Буга байланыштуу 2022-жылдын 9-февралында “Ч.М.” тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн КР УКМКга чакырылган. Сурамжылоо учурунда ал “Мега Центр” соода борборунда эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп жатканын айтып, ал аны чыгарып салбоосун суранып, пара катары кызмат адамына акча каражатын сунуштаган. Сыягы, тажик жараны көнгөн адатына салып, кыргызстандык укук коргоочуларга бир аз акча берип койсом эле кутулуп кетем деп ойлосо керек. Бирок бул ирет ал пара бергендиги үчүн кармалды.
10-февралда бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүндө (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. 11-февралда КР УКМК кызматкерлери тарабынан “Ч.М.” кызмат адамына сунуштаган акча каражатынын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалды.
Эми биздин чекисттер Бишкектеги “Дордой”, “Сары-Өзөн”, Ош жана башка базарларга да рейд жүргүзүшсө, Тажикстандын бир нече миграция мыйзамын бузган жарандарын кармашар эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити