Кыргыздын бактысы да, трагедиясы да аш-той эмеспи. “Казга теңелип, өрдөктүн буту сыныптыр”,- демекчи, байлар го, бар байлыгын чачып мактанат экен, ал эми кедейлер да намыс үчүн кредит алып болсо да дүңгүрөтүп той берип, аны эртеси күнү Россияга жөнөп кетип, 10-15 жылдап төлөп кутулары таң каларлык деле болбой калбадыбы. Бирок азыркы кымбатчылык менен каатчылык алка-жакадан алып турган заманда бир аз болсо да курубузду тартып, курсакты чектебесек болбойт. Мисалы, алыс барбай, өзбек, тажик кошуналарды ала турган болсок, буларда ансыз деле карапайым калкы үнөмдөп жашагандыгынан тышкары мамлекет тарабынан уул үйлөп, кыз узатып той бергенде же маркумду акыркы сапарга узатканда келген-кеткен коноктордун санын чектеген мыйзам кабыл алынган. Эгер белгиленген сандан ашык адам чакырсаң, анда олчойгон айып төлөп, мамлекеттик кызматкер болсоң, жумушуңдан да айрыласың.

Бизде деле мындан 10 жылдай мурда ал кездеги ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев болгону 24 пункттан турган аш-тойлорго чектөө киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, парламентке сунуш кылганда айрым ашкере демократтар ур-токмокко алышып, артка кайтартууга мажбур кылышкан.

Эми азыркы депутат Улукбек Ормонов тарабынан да ушундай мыйзам долбоору даярдалып, депутаттар тарабынан талкууланып жатат. Той-аш өткөрүүдөгү эрежелер камтылган мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн 200гө чейин, үйлөнүү тойлоруна 200дөн 300гө чейинки адам катышуусу керек.

Үйлөнүү тойлорунда үчтөн ашык эмес жеңил машине колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын саны чектөөсүз жана бодо мал союлбайт. Маркумдун элесине арналган иш-чаралар 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат деп жазылган.  Мыйзамдын демилгечиси катары депутат Улукбек Ормонов көрсөтүлгөн. Документтин негиздемесинде ал ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экени жазылган.

28-февралда "Кыргыз Республикасында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети парламенттик угуу өткөрмөкчү.

Балким, бул ирет коомчулук мындай мыйзамды туура кабыл алар. Анткени үнөмдөп жашоого өтпөсөк, ысырапкорчулук түбүбүзгө жетчүдөй. Бир чети тойлор деле модадан калып баратат...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити