Ырынан чыры көп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тармакта чоң реформаларды жүргүзүп, коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылам деген аракеттери жаман эмес. Ал канчалык деңгээлде ишке ашат, реформа сөз жүзүндө калбай иш жүзүнө ашабы, жокпу, аны убакыт көрсөтөр.

Биздин көңүлүбүздү министрдин “17 медициналык окуу жайды жабам дегенден бери аларга тиешелери бар олигархтар мени коркутуп-үркүтүп, үйүмө түнөй албай калдым, мени сактап калгыла”- деген билдирүүсү бурду.

Министрдин бул айтканын кезектеги балп этмеси же популисттик кадам катары кароого болбойт. Дегенибиз, жабылууга туш болчу 17 медициналык окуу жайлардын артында акчалуулар, ири бизнесмендер, таасирдүү адамдар турат. Алар үчүн окуу жайлар  сапаттуу адистерди, жогорку квалификациялуу ак халатчандарды даярдоочу билим берүү мекемеси эмес, киреше берүүчү мекемелер экендиги жашыруун эмес. Анткени, аттары улук, заттары курук окуу жайларда заманбап, талапка ылайык билим берүүчү окутуучулук, профессордук курам жок. Толук кандуу билим берүүгө шарттар түзүлбөгөн. Адамдардын ден-соолуктары, өмүрлөрү менен ойноп келатышат. Студенттердин акчаларын кагып алуу биринчи орунга коюлган, билим берүү процесстери эптеп септеп жүргүзүлгөн окуу жайлардан кандай сапаттуу адистер даярдалат? Алар эртең элдин ден-соолугуна кантип кам көрөт?

Министрдин бул билдирүүсүнө өлкө башчысы көңүл бурушу зарыл. А. Бейшеналиев реформаны президенттин эрки менен жүргүзүп жатат. Демек, министр айткан олигархтар президенттин саясатына каршы чыгып жатышпайбы. Министрдин өмүрүнө чындап коркунуч туулуп, кысым-басымдар болуп жатса, анын өмүрүнүн  коопсуздугу президент тарабынан  камсыз кылынышы абзел. 

Булак: “Майдан. kg” гезити