Москва шаарында "Манастын уулу Семетей" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду. Ага Москвадагы кыргыздардын айрым активисттери катышты. Продюсери Өмүрзак Төлөбеков тасманы Россия кино театрларына, интернет платформаларына коюуну макулдашуу үчүн иш сапарынын алкагында биздин өтүнүч боюнча уюштурду. Буга чейин Төлөбеков Стамбулда болуп келсе, эми Индия, Кытай, Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүнө сапар тартмакчы. Буйруса Кыргыз тасмасы "Манастын уулу Семетей" эл аралык аренага чыгарылмакчы.
Жабык көрсөтүүгө катышкан консул Турдалы Орозбаев баш болгон Москвадагы кыргыз ишкерлери тасмага өтө жогору баа беришти.
- Кыргызстанда дүйнөгө чыкчу тарыхый тасма качан тартылат деп күтчү элек. Болгондо да "Манас" улуу темасындагы "Семетей" тасмасынын минтип мыкты деңгээлде, кызыктуу тартылгандыгы абдан кубанычтуу. Аны мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзү колдогондугуна өтө ыраазы болдук. Продюсер Төлөбеков "Манастын уулу Семетей" тасмасын тартып Кыргыз тарыхындагы олуттуу иш жасаптыр, - деди консул, Россиядагы Кыргыз диаспорссынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Т. Орозбаев.
- "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу ар кандай сын пикирлер айтылып-жазылып келгенинен улам бул тасманы коомчулук зор кызыгуу менен күтүп аткан. Биз бүгүн кинону чоң ынтаа менен көрүп чыгып, бирде ыйлап, бирде күлүп, абдан толкундап, "Манастын уулу Семетей" буйруса Кыргызды дүйнөгө даңктачу тасма болгонуна кубандык, - дейт ишкер, Москва жана Москва областындагы Кыргыз диаспорасынын Чүй областтык коордунатору Алтай Иманалиев.
Төлөбеков буга чейин коомчулукка "Президент жана бомж","Москва сүйүүсү","Миллионердин сүйүүсү","Төңкөрүш" кино фильмдеринин сценаристи жана продюсери катары белгилүү. Эми минтип Кыргыз элинин улуу чыгармасын ар кандай терс сын пикирлерге карабай киного айлантып, аны дүйнөнүн Америка, Кытай, Турция, Россия баш болгон бир топ өлкөлөрүнө таратып элибизди даңктоо үчүн кара жанын карч уруп, аалам аралап жүргөндүгү сыймыктантат.


Болот ТАШБОЛОТОВ, Россиядагы Кыргыз диаспорасынын вице-президенти
Булак: “Майдан. kg” гезити