Бишкектин Абай көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жайгашкан «Ош пирим» телеканалынын кеңсесинде өрт чыкты.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ саат 14:53тө өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук No5 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:27де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.

 «Ош пирим» телеканалынын кеңсесинде өрт чыкты — сүрөт

Булак: reporter.kg