КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин акылдуулар жана өтө акылдуулар тууралуу икаясы:
- Коомдогу карама каршылыктар, ынтымактын жоктугу, тирешүү- түйшүнбөстүктөр кыскасы бүт түйшүк ушул акылдуулар жана өтө акылдуулардын ортосундагы бирин-бири түшүнбөгөн мамледен чыгат. Бул алмустактан бери келаткан жорук. Карама каршылык качан чечилери да белгисиз.
Кепти акылдуулардан баштайлы. Акылдуулар оокат кылууга, өз жашоо турмушун жакшы өткөзүүгө жан үрөп аракет кылышат, билим алышат, кесипке ээ болушат, жакшы үй-жайлуу болушат. Түрлүү илимий ачылыштарды ачышат. Чоң-чоң программаларды иштеп чыгып ишке ашырышат. Мыкты машиналарды минишет. Үй-бүлөгө, балдарына кам көрөт. Алардын келечегин ойлойт. Ден соолуктарына кам көрүп, түрлүү эс алуу жайларда ден соолуктарын чыңдашат. Кичи ишканадан чоң фирмаларга чейин түзүп жетектешет. Мамлекеттик түрлүү жетекчилик кызматтарда иштешет. Мамлекеттин ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө, адамдардын жашоо турмушунун жакшырышына салым кошушат. Кыскасы коомдун бүгүнкү жана келечек жашоо кыймылындагы тутканы кармап турушат.
Өтө акылдуулар болсо... Оо булар жөнүндө талдап айтыш да оор. Буларды түшүнүш да кыйын. Өтө акылдуулар дайыма жер жүзүндөгү адамзат, улут, демократия, экология, илимий ачылыштар маселесин, мамлекеттеги ал түгүл дүйнөдөгү түрлүү саясий оор проблемаларды кантип чечүүнү ойлонушат. Бирок оюнун аягына чыгып сунушун айтууга даярданганча абал өзгөрүп кеткен болот. Ошондуктан көбүнчө сын гана айтканга үлгүрүшөт. Баштары ушундай голобалдуу проблемалардын бошобогондуктан жеке турмуштарын кароого убактылары да болбой ага көңүл да бура алышпайт. Үй - жайы жок квартиралап жүрүшөт. Өтө жөнөкөй жашоо өткөзүшөт. Анткени, үй алар үчүн жатып анан кайра туруп кетүүчү гана конуучу жай. Машина минишпейт. Ал түгүл айдаганды да билишпейт. Анткени жүргүнчүлүк кылууга, бир жерден экинчи жерге барууга коомдук унаалар толуп турса убакыт коротуп техника айдаганды окуп, анан аны каражат коротуп сатып алып, күйүүчү май куюп, бузулса оңдотуп канча түйшүк, эмне деген акылсыздык. Андай майдалыкка убакыт коротушпайт. Көбү үй - бүлө деле күтпөйт. Мындайлардын эркектеринин көбүндө үй - бүлөдөгү акылы төмөнкүлөр аткаруучу милдетти бүт аялдары алган. Алардын аялдары эркектин да аялдын да милдетин аткарышат. Үй - жайды кармоого, бала - бакыраны багууга деги бүт жашоо түйшүгүнө каражат иштеп табышат. Балдарга тарбия беришет. Алар аталары адамзаттык чоң проблемаларды чечип жүрүүсүнө каршы деле болушпай көнүп калышат. Өтө акылдуу аялзаттары болсо дээрлик ажырашышкан жалгыз бойлор же турмушка чыкпагандар. Анткени, андай өтө акылдуу аялзатын түшүнгөн эркек сейрек кездешет. Байкабай баш кошуп алгандар ажырашкыча шашышат. Аялзатынын өтө акылдуусуна чыдаш тозок отуна чыдаган менен эле барабар дешет. Ушинтип өтө акылдууларды бул жашоодо түшүнгөндөр аз. Ал түгүл өтө акылдуулар өздөрүн өздөрү деле дайыма түшүнө беришпейт. Ошондуктан динге, саясатка, илимге, жаратылышка, жашоого болгон көз караштары боюнча бир нече топко бөлүнүп кетишкен. Булар жолуккан жерден талашып-тартышып мушташып кеткенге чейин барышат. Соцсеттерде болсо каршылаштар бирин бири "жеп -ичип", каарып отурушат.
Өтө акылдуулар акылды түз эле Президентке айтуудан башташат. Түшсө бир тепкич төмөн түшүп, Өкмөт башчыга айтышат. Анан ушул жерден проблема жаралат. Өтө акылдуулардын айткан акылдарын Президент да, Өкмөт башчы да дайым эле талдап карап чыгууга убактылары жетишпегендиктен алар “Маселени карап оюңарды айткылачы”- деп төмөнкүлөргө тапшырат. Төмөнкүлөр дегениң чында төмөнкүлөр. Алар өтө акылдуулардын айткан голобалдуу проблемаларын түшүнүүгө кайдан акылдары жетмек. Түшүнбөй мээлери айланып “Аткарууга болбойт”- дешип таштап коюшат. Ошентип, тирешүү башталат. Өзү өтө акылдуу болсо. Күнү - түнү адамзаттык проблемаларды ойлонуп жеке жашоо кызыкчылыгын бүт ошого коротуп келатса, анан аны түшүнбөй коюшса. Кантип жаны күйбөйт. Ойлосоңор уйкудан ойгоноору менене бетин да жуубай, тамак да ичпей соцсеттерге отуруп таң аткыча алтын башында иштелип чыккан үрөн акылды коомго, адамзатка жеткирүү аракетин көрсөм десе, анан аны эч ким түшүнбөсө, Президент баш болуп, өкмөт төш болуп “Ураа... акылманым кандай керемет акылдуу жансың... Укмуш ачылыштарды жасооңо шарт түзөлү”,- дешип, алаканга салып көтөрүп колдоп кетпесе жаны күйөбү. Күйөт. Анан барын шатырата тилдеп сөккөнгө мээлери иштебегенин айтууга өтөт да. “Сабатсызсыңар. Караңгысыңар. Билимсизсиңер”,- дейт. Өтө акылдуунун эч кимди жактырбоосу ушинтип башталат. “Жок дегенде жакшыраак шым кийип алып анан акыл айтчы. Анча акылдуу болсоң биринчи өз жашооңду оңдоп алчы”,- деген наалыган кептер да кыжырларын келтирет. Өтө акылдууларга “жакшы” дегенге караганда “жаман” деген жагат. Курсагынын ачтыгына, кийген кийминин начардыгына, жашоо турмушунун оңолбогонуна, жашоодо бир да ийгиликке жетпегенине, кедейликтен башы чыкпаганына бүт айланасындагылар күнөлү. Өзүндө кылдай да күнө жок. Анткени чөйрө анын өтө акылдуу экенин түшүнүшпөйт. Түшүнгөндөр болсо көрө алышпай ич күйдүлүк кылышып бут тосушат.
Анан эмне кылуу керек? Унчукпай отурууга да болбойт. Ашынган акылы туруп өзүнөн төмөнкүлөргө жеңилүүгө да болбойт. Күрөшкө чыгуу керек. Соцсет деген тармак жаралгандан бери өтө акылдууларга Кудай берди. Мурдакы заманда өтө акылдууларды гезитке, телевизорго эч ким чыгарчу эмес. Маалымат каражаттарынын эшигине да жолой албай кор болушчу. Байкатпай ишке кирип алгандары аз иштебей эле кайра куулуп чыгуучу. Бүгүн болсо жыргал. Тигил акылдуубуз дегендердин бүт ишинин тамтыгын чыгарып сындоого жол ачык. Тим эле интернеттин соцсетинен айылык алып иштеп жаткандай эле ага таң атпай кирип түн жарымына чейин кетпей отурат. Керек болсо тамак деле ичпейт. Нан менен суу ичип болсо да дүйнөлүк адамзат үчүн арынаган ишин абийирдүү аткара берет. Бугун чыгарат. Барын талкалап сындайт. Өздөрү бирин –бири мактайт. Кайра эле бирин-бири ойда келиштире иш палдасын чыгара тепкилейт. Ортодо башкаларды да соо калтырышпайт. “Бийликтегилер кетсин. Баланча кетсин”,- деп чуу көтөрүшөт.
Кандайдыр бир митинг болуп жатса ага тиешеси барбы же жокпу териштирбей туруп эле кошулуп алардын алдына чыгып дагдаңдап кыйкырып жөнөйт. Коом оңоло баштаса, башкалар байып баштаса ичтери өрттөнүп күйүгөт. Колдорунан келишинче ага тоскоол болууга аракеттенет. Тескерисинче, коом ынтымактан кетип ыркырашса, эл кедей боло баштаса кубанат. Жыргайт. Балким бары биздин катарды толуктап эч нерсеге жетишпеген кедейчиликте жашашса, бизди түшүнгөн өтө акылдуу болуп калышат беле деп ойлошот.
Өтө акылдуулардан да өткөн “Ашынган акылдуулар”- дегендери да болот. Алар майдаланбайт. Андайлардын бири түз эле “Мен Жаңы Кудаймын. Мени тааныгыла. Эски Кудай картайып, чарчап, кудайлыгын мага өткөзүп кетти.” – деди. Өтө акылдуулардын ичинен айрымдары аны “Таанышыбыз керек. Бул чын эле Жаңы Кудай”- деп да чыгышууда. Дагы бири болсо “Мен Президентмин”- деди. “Мен туулгандан эле Президент болуш үчүн туулган экенмин. Бүгүн жашым жетип Президент болдум. Мени тааныгыла. Эл шайлап иштеп жаткан Президент мага кызматын өткөзсүн да кетсин”- деди. Булар кечөкү өтө акылдуулардын арасынан өсүп чыгышып “ашынган” деген жогорку даражага жеткендери.
Акылдуулар жана өтө акылдуулардын ортосундагы түшүнбөстүктүн зыянын эл тартууда. Карапайым эл ушундай ынтымакка келбеген, кайым айтышып кыжылдаша берген коомдон тажап жапа чегүүшүдө. Чынында эл үчүн ар ким өз оокатын тың кылып, тынч өнүгүү, тынч жашоо өткөзүүдөн артыгы жок. Мына ушуну акылдуулар ишке ашырууга аракеттенип, анан аны өтө акылдуулар да, ашынган акылдуулар да түшүнүшсө элге чоң пайдалары тиймек.