Эгер эсиңиздерде болсо, мурдагы президент А. Атамбаевдин тушунда Россиянын “РусГидро” компаниясы менен Нарын дарыясынын жогору жагына бери дегенде беш ГЭС курабыз деген келишим түзүлгөн. Бирок орус тарап адатынча суубуз менен жерибизди ээлеп алуу гана оюу болгонбу, айтор убакытты созуп, маалкатып туруп алгандыктан, ачуусу чукул Атамбаевдин бийлиги келишимди бир тараптуу жокко чыгарып салган. Бирок бул учурда аталган компания жол, жумушчулар үчүн жатакана жана башка социалдык объектилерди куруп, ага жалпысы 37 млн. доллар короткон экен, ошол акчаны төлөп бергиле деп, ушул күнгө чейин коколоп келет. Ал тургай Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко да берип койгон.
Эгер башка инвестор тарталы десек, Жогорку Нарындын “башы бош эмес. Ошондуктан орустардын доосунан кутулуу керек болууда. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушундагы чыр боюнча Орусия менен бир пикирге келгенин билдирди.
Келишимге ылайык, Министрлер кабинети орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болууда. Бул иштер аяктагандан кийин Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок кайсы инвестор экендигин айткан жок. Акылбек мырзанын “төлөп беребиз” деп ишенимдүү айтып жаткандыгына караганда, ишенимдүү инвестор табылган окшойт. Болбосо, мугалимдер менен варчтардын маянасын араң төлөп жаткан Министрлер кабинети мынча акчаны кайдан тапмак эле. Эмнеси болсо да, ким келсе да тезирээк ГЭС курулбаса, энергетикалык каатчылыктын сазынан чыгышыбыз кыйын болууда.
Кыскасы, жасаган ишинен кесепети көп А. Атамбаевдин азабын бүтүндөй мамлекетибиз менен элибиз тартып, ал өзү абакта “эс алып” жата берет турбайбы.
Булак: «Майдан. kg» гезити