Казакстандын бийлигинин биздикилерге көзү түз эмеспи же башка себеби барбы, айтор боордош мамлекеттин аймагы аркылуу Россия жана башка чет мамлекеттергеөтө турган кыргыз ишкерлеринин транзиттик жүктөрү негизсиз текшерилип, ал тургай бир айлап кармалган же биротоло алып койгон (конфискация) учурлар кездешүүдө. Бул маселе ушул жумада Жогорку Кеңеште талкууланды. Мындай маселени депутат Чыңгыз Айдарбеков көтөрүп, кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыйындап, жүк ташуучулар Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) принцинтерине туура келбеген тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгиледи. Ал бул көйгөйдү Тышкы иштер жана Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулоону сунуштады.

"Казакстандын аймагында транзит максаты менен кирген оор жүк ташуучуларыбызда орчундуу көйгөйлөр чыгат. Биздин фуралар "Ак-Тилек" жана башка өткөрүү пунктардан араң өтүп ЕАЭБ принциптерине туура келбеген жасалма тоскоолдуктарга дуушар болууда. Эң чоң маселе Кордай жакта "Барыз" деген кампа аркылуу өтүшү керек экен. Бул бажы жана чек ара жактагы эмес, жөнөкөй кампа. Ал жакта бейбаштык жана башаламандык пайда болот. Ошол жерде биздин фуралар жумалап, бир айдай негизсиз турат. Болгон товарларды ачып, таңгактарды бузат. Документтерди алып, кайра бербей коюшат экен. Казакстандын өткөрүү пунктарында рентген жабдыктар тез-тез бузулуп, иштебей калгандыктан фуранын ичинде текшерүү үчүн технологиялык катар түзгүлө деп талап коюшуптур", - деди Айдарбеков.

Эл өкүлү айрым учурда оор жүк ташуучуларды кайра Кыргызстанга кайтарган учурлар болгонун жана бул ЕАЭБдин ченемдери менен принциптери боюнча тоскоолдук деп эсептеле турганын белгиледи.

Ишкерлерибиздин кызылдай мээнети күйүп, казак бажычыларынын башаламан текшерүүсүнө туш болуп жаткандыгын президенттер гана чечпесе, майда чиновниктердин күчү жетчүдөй эмес.

Булак: «Майдан. kg» гезити