Өткөн жумада «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин айрым кызматкерлери Фейсбук социалдык баракчасына башкы редактор Бахпурбек Аленовдун үстүнөн бир жактуу каралаган жана ушактаган, ал тургай жеке турмушуна чейин кийлигишкен маалыматты жарыялашып, мамлекет жетекчилерге кайрылышптыр. Анда негизги доомат көпчүлүк кызматкерлер жумуштан кыскарууга туш болгондугу жана жамаат менен кеңешпей чечим чыгаргандыгына коюлган. Бирок ошол эле учурда макаланын авторлору негизинен пенсия курагындагы кызматкерлер кыскартууга туш болушкандыгын айтуу менен, гезит расмий түрдө мамлекеттик болсо да чарбалык эсепте экендигин же типографиялык чыгымдардан тартып, салык, айлык маянаны өздөрү коммерциялык жолдор менен иштеп табышкандыгын белгилешкен.
Биз билгенден аталган гезитте техникалык жана чыгармачылык жамаатты кошуп эсептегенде 50гө жакын кызматкер иштейт жана алардын маянасы да аз. Демек, жаңы кыскартуулар менен кымбатчылык шартында жетекчинин милдети “саны көп, сапаты жок” кызматкерлерди эмес, өз кесибинин чыныгы ээлерин, чыгармачылык менен иштеген журналисттерди тандап алып, аларга өтө жогору болбосо да, жетиштүү маяна таап берүү милдети турат. Мындан тышкары гезитти да мурдагыдай эле эскиче ыкма менен макулатура үчүн чыгара бербей, заман талабына жараша интернет-сайтын жандандырып, аудио, видео материалдарды даярдаш керек. Ансыз жаш баладан тартып, кары-картаңдарга чейин интернет аркылуу маалымат алган бүгүнкү окурмандардын көңүлүн буруу мүмкүн эмес.
Кесиптеш катары биздин баамыбызда Бахпурбек Аленов редактор болгон учурдан бери «Эркин-Тоо» газетасы сапаттык жактан жаңы баскычка көтөрүлүп, өкмөт, расмий органдардын документтеринен тышкары өлкөбүздүн турмушунда болуп жаткан жаңылыктарды коомчулукка ыкчам жеткирүүдөн тышкары адабият, маданият, экономика жана социалдык турмуштагы көйгөйлүү маселелерди козгоо менен республикабыздагы алдыңкы маалымат каражаттарынын бирине айлана алды.
Ошондуктан мамлекет башчыларыбыз Б. Аленовдун үстүнөн жазылган маалыматты териштирүүдө авторлор менен социалдык тармактагы билип-билбей өз постун жаза берген бир ууч сүрмө топтун пикирине гана көңүл бурбай, редактордун да пикирин угуп, анын жүргүзгөн реформаларынын туура экендигине баа беришет деп ишенебиз.
Булак: «Майдан. kg» гезити