Жогорку Кеңештин депутаттары 16-февралдагы жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угууда.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер катышып жатат.
Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, быйыл «Айыл банк», «РСК банк» аркылуу 26 млрд сом 6%дык чен менен айыл чарбасына насыя катары берилет. Мындан тышкары 1,5 млрд сомго үрөн алынып, 1 млрд сом ирригация тармагына бөлүндү.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков былтыр 130 миң гектар жерге күздүк буудай эгилгенин белгиледи. 2022-жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт.
Муну менен катар 255,5 миң гектар жерге буудай эгилсе, май өсүмдүктөрүнүн аянты 25 миң гектар, дандык жүгөрү аянты 110 миң гектар болору болжолдонууда.
Күрүчтүн айдоо аянты 12,5 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 526 гектарга көп себилет, картошканын аянты 77 миң гектар, кант кызылчасы болсо 14,5 миң гектарга себилип, 2021-жылдан 4,2 миң гектарга көп айдалат.
«Айыл банк» аркылуу жылдык 4,5% менен 2 жылга насыя түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөн берилет. Чет мамлекеттерден алынып жаткан жаздык буудай үрөнү 45,30 сомдон (элита), арпа 53,85 сомдон (элита), софлор 112 сомдон, күн карама 399 сомдон, соя 90 сомдон сатылат.
Жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө өлкө боюнча жалпы 40,5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 56%ы камсыздалган.
Булак: Маралфм